Белек Нурланов: Айт намазы Эски аянтта окулат
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Курман айт намазы Бишкекте Эски аянтта окула турганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Курман айт 12-сентябрда белгиленет. Бул күн өлкө аймагында дем алыш күнү деп жарыяланды.
Муфтияттан маалымдашкандай, эски аянтта саат 6:30да баян айтылат. 7:30да муфтий кыргызстандыктарга кайрылып, андан тышкары, куттуктоолор окулат. Ал эми айт намазы саат 8:00дө башталат.