БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбордук Ала-Тоо аянтынан 55 метр куб (6 КамАЗ) таштанды алып чыкканын муниципалитет билдирди.
Кечээ Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башкы аянтта жана ага жакын аймактарда өткөрүлдү.
Шаарды тазалоого "Тазалык" ишканасынын 100гө чукул кызматкери, таштанды жүктөөчү 8 унаа жана үч жууп-тазалоочу машина тартылган.