Күндүз шаар тургундарын жана конокторун аскер парады кубантса, кечкисин майрамдык шоу концерт уюштурулду. Анда КРдин эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, эмгек сиңирген артисттери Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева жана башкалар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Майрамдык концерттин жүрүшүндө 25 бала жоголуп, издөөнүн натыйжасында баары табылып, ата-энелерине берилди.

Майрамдык концерт театрлаштырылган шоудон башталды

Концертти белгилүү алып баруучулар Алтын Камчиев менен Нурзат Токтосунова алып барды

Коопсуздук сактаган жоокерлер

Концерттин көрүүчүлөрүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Бишкек мэри Албек Ибраимов майрамы менен куттуктады

Ырчыларды тал чууктай ийилген бийчиликтер коштоп турду

Ооздон чыккан от. Майрамдын шаңы

Ырчы Урмат Усенов келинчеги Неля менен

Майрамдык концерт 3 саатка созулду

Ырчы Аяна Касымова

Концерт учурунда 25 бала жоголуп, издөөнүн арты менен баары табылды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова

Концерт Ала-Тоо аянтында болуп, ага көптөгөн көрүүчөлөр келишти

КРдин эмгек сиңирген ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева жана Алина Жетигенова

Ырчы Мирбек Атабеков талантын тартуулоодо

Сахнада атактуу ырчы Гулнур Сатылганова

Концерт көз жоосун алган салют менен аяктады

Асманга атылган салют ага суктанган көрүүчү

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын желеги желбирөөдө
