Бүгүн Кыргызстандын булуң бурчунда көз карандысыздыктын 25 жылдыгы өзгөчө салтанат менен белгиленди.
Ал эми борбор калаада 1500дөн ашуун жөө жоокер жана 80ге чукул аскер техникалары параддан өтүштү.
Шаар тургундарына кечкисин майрамдык концерт уюштурулуп, анда атактуу ырчылар көңүл черин жазышты.
Көптөн күткөн салют болсо саат 23:00дө атылып, сегиз мүнөткө созулду.