БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт учунда жоголгон балдардын баары табылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин 21 бала жоголуп, алардын 17си гана табылган.
"Жалпысынан жоголгон балдардын саны 25ке жеткен. Алар эки жаштан 14 жашка чейинки балдар. Учурда баары табылып, ата-энелерине берилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган балдарды табууда мэрия жана милиция кызматкерлери керекке жараган.