БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык концертке катышкан өкмөт башчы шаар тургундарын жана конокторун майрам менен куттуктады.
"Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм. Биз — бабалардын өткөн жолун урматтап, аны менен сыймыктанып, укумдан-тукумга айтып калтырар тарыхы бар элбиз", — деди Жээнбеков.