БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Сокулук районунда 15 жашар кызды катары менен тепселеген эки унаанын ээси дале табылбай жаткандыгы тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда окуя үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда болгон.
"Кечки саат 21:15 чамасында белгисиз айдоочу Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы Фрунзе көчөсүнөн 15 жаштагы кызды койдуруп кеткен. Ошол эле учурда экинчи унаа келип кыздын бутун тепселеп кеткен. Эки айдоочу тең кызга биринчи жардам көрсөтпөстөн изин суутушкан. Жабырлануучу жеринде жан берген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштеринин негизинде айдоочулардын унаасынын үлгүсү аныкталган (BMW X-5, Mersedes Benz). Бирок унаа ээлери бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Буга байланыштуу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы кырсыкка күбө болгондор болсо 0701 80 14 49, 0701 80 15 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.
Башкармалык анонимдүүлүктү сактоо менен сый акы төлөнөөрүн белгилейт.