Олимпиадада Жанар Кенжеев коло медалга жетпей калды

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиада оюндарындагы 1/16 финалда аны утуп алган атаандашы эгерде финалга чыкса, Кыргызстандык балбан коло медаль үчүн күрөшмөк.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев (85 кг. салмакка чейин) Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло медаль алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.

Борец греко-римского стиля из Кыргызстана Арсен Эралиев во время схватки за бронзовую медаль с соперником из Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Арсен Эралиев биз үчүн баары бир чемпион экендигин далилдеген сегиз сүрөт
Буга чейин ал 1/16 финалда немис балбаны Денис Кудлага 0:3 эсебинде жеңилип калган. Эгерде немис спортчусу финалга чыкса, Кенжееевдин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жаралмак. Бирок, жарым финалда россиялык Давит Чакветадзе Кудланы 4:0 эсебинде утуп алды.

Ошентип, далай чыр-чатак, убара менен 2016-жылдагы Олимпиадага барган балбан Жанарбек Кенжеев куру кол кайта турган болду.

Кыргызстан Рио олимпиадасында канча медалга үмүтү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0