БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Алматы шаарында 18-июлда болгон атышуудан жаракат алган дагы бир полиция кызматкери ооруканада каза болгонун Новости Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Ага ылайык, каза болгон жаран 24 жаштагы Жалгас Келдибаев сержант болгон.
Белгилей кетсек, 18-июлда куралчан киши Алматы шаарындагы полициянын бөлүмүнө кол салган. Алты киши каза болуп, алты полиция жана эки жай тургун түрдүү жаракаттарды алган. Кийин ооруканадан эки полиция кызматкери каза болгон. Шаарда атайын операция жүрүп, куралчан киши кармалган. Ал буга чейин эки жолу соттолгон 26 жаштагы Кызыл-Орда облусунун тургуну Руслан Кулекбаев болуп чыккан. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяны теракт деп атаган.
24 жаштагы Келдибаевдин өмүрүн сактап калууга дарыгерлер аягына чейин күрөштү деп айтылат Алматы шаарынын ички иштер департаменти тараткан билдирүүдө.