ЧОЛПОН-АТА, 31-июл. — Sputnik, Азамат Аралбаев. Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин премьер-министр болуу ниетинде жок. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Буга чейин КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор демилгелешкен. Долбоордо премьер-министрге жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо жана жумуштан алуу укугу берүү каралган. Учурда бул аракет жергиликтүү кеңеш депутаттарынын сунушу менен ишке ашат. Мындан тышкары, премьер-министрге өкмөт мүчөлөрүн жумуштан алуу укугун берүү каралган.
"Президенттин Конституцияга өзгөртүү киргизип, премьер-министр болуу оюнда жок. Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаган соң бийликте калбай турганын бир нече ирет айткан", — деди Турсунбеков.
Мындан тышкары, төрага референдумдан кийин парламент таратылбай тургандыгын кошумчалады.
Кыргызстандын Конституциясы эгемендүүлүк алгандан бери сегиз ирет өзгөргөн. 2010-жылкы апрель окуясынан кийин өлкөнүн Баш мыйзамына 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялоо чечими кабыл алынган. Мораторийди жоюу үчүн элдик референдум өткөрүү зарыл.