Так талаш. Ажолукка ат салышат дегендер ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисты в ожидании президента. Архивное фото
Журналисты в ожидании президента. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы саясий айдың тымызын кайнап баштаганы эч кимге сыр эмес. Буга кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоо себепкер. Өлкө башчы болуу бактысын кимдер сынап көрө турганына Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого аттана тургандардын ысымдары атала баштады. Мурдагы спикер Адахан Мадумаров президенттик шайлоого бара турган маалымат жыйынында жар салды. Ал ортодо өлкө башчы Алмазбек Атамбаев БШКнын жаңы төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, эмитеден даярдык көрүп, президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү тапшырмасын берди. 

Учурдагы президент Атамбаев кийинки жарышка чыкпай турганын өзү бир канча ирет билдирген эле.

Эмдиги жылы так талашта мөөрөй кимдин бактысына буюра турганын азыртан божомолдогондор арбын. Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукта ажолукка ат салышат деп аты-жөнү аталгандарга суроо салып көрдү. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO 2010-жылкы президенттик шайлоо. Кубатбек Байболовго арналган билборд
Столичный работник снимает предвыборный плакат кандидата в президенты Кубатбека Байболова в Бишкеке 1 ноября 2011 года - Sputnik Кыргызстан
2010-жылкы президенттик шайлоо. Кубатбек Байболовго арналган билборд

Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов: Кыргызстанда шайлоо жок

"Мен президенттик шайлоого катышпайм. Анткени бизде шайлоо жок. Муну бардык кыргызстандык эле билип калды", — дейт Байбалов. 

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Садыр Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Садыр Жапаров

Экс-депутат Садыр Жапаров: пендебиз да, жеңиштен үмүт чоң

"Буюрса президенттик шайлоого сөзсүз катышам. Жеңишке жетем деген чоң үмүтүм бар. Баары жараткандын колунда ", — деди Жапаров. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов:
Депутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов:

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: азырынча жооп бере албайм

"Президенттик шайлоого катышаар, катышпасым боюнча маалымат бербей эле турайынчы", — деди Өмүркулов. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов
Открытие водозабора в селе Баш-Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов: ыңгайсыз суроо

"Бул суроо мага ыңгайсыздык жаратууда. Мени саясатка аралаштырганыңарды токтоткулачы", — деди Кулматов. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурунку өкмөт башчы Темир Сариев
Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев

Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев: комментарий бербей эле коёюн

"Мен бул сурооого комментарий бербей эле коёюн", — деди Сариев. 

© Фото / из личного архива Темирбека АсанбековаЛидер партии "Мекен ынтымагы" Темирбек Асанбеков
Лидер партии Мекен ынтымагы Темирбек Асанбеков - Sputnik Кыргызстан
Лидер партии "Мекен ынтымагы" Темирбек Асанбеков

"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков: убагы келгенде чечим кабыл алабыз 

"Убагында саясий — экономикалык жана элдин социалдык шартына жараша чечим кабыл алабыз", — дейт Асанбеков. 

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеш КРЭкс-депутат Турсунбай Бакир уулу
Джолдошова, Кулов и Бакир Уулу: кого не будет в новом парламенте? - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу: буюрса, шайлоого катышам

"Учурдагы президент шайлоого катышпайт. Андыктан жарыш таза өтсө керек. Буюрса, мен дагы шайлоого катышам деп ниеттенип турам", — деди ал.

Президенттин отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
25 жыл ичинде ажолукка аттангандар. Профессордон көмүр королуна чейинки дымак
Арстан Алай: катышсам утуп алам го…

"Мен азырынча бир чечимге келе элекмин. Эгерде президенттик шайлоого катышсам утуп алам го…", — деди Арстан Алай. Кезегинде бул адамдын "Зима не будет" фразасы эл арасына кеңири тарап кеткен.

Адвокат: Алмазбек Абеков президенттик шайлоого катышат

"Алмазбек Абеков соттолгон жок, андыктан шайлоого катышууга толук укугу бар. Ал шайлоого талапкерлигин коет", — деди Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов. 

Алмазбек Абеков "Альфа-Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын мурунку директорунун кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0