00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жамандын коногу билеби?

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Международного университета Кыргызстана в центре Бишкека
Здание Международного университета Кыргызстана в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембинин агарып аткан таңы ар бирибиздин ишибизге ийгилик алып келсин.

Жардынын бойдогу, жамандын коногу билет. Дүйнөдө болуп жаткан айрым окуялардын таасири Кыргызстанда да байкалууда. Айтайын дегеним, Түркиядагы акыркы капсалаңдан улам Кыргызстанга сырттын туруп алып сес көрсөткөндөр да болуп жатат. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде "Кыргызстандагы айрым билим берүү мекемелерин өлкө бийлиги жабышы керек, анткени алар Түркияга көрсөткөн баш аламандыкты бул жакка да салат" деп акыл үйрөттү. Түрк министринин мындай акылына Кыргызстан муктаж эместигин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирип, өлкө эмне жакшы, эмне жаман экенин аңдап билүүгө өз акылы жете турганын айтып, Чавушоглунун мындай сөзүн ультиматум катары баалады.

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүФестиваль Alfa Future People 2016. День первый
Фестиваль Alfa Future People 2016. День первый - Sputnik Кыргызстан
Фестиваль Alfa Future People 2016. День первый

Акыйкатчы сыртта калды. Кубат Оторбаев №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абалы менен таанышуу үчүн барып, ал жакка кире албай бозала болуп калган. "Акыйкатчы болуп турсам мени эмнеге киргизбейт, ыя" деген Оторбаев Башкы прокуратурага арыз жазды. Көп создуктурбай эле аталган колония "абактын ичине фото жана видео аппаратураны киргизүүгө болбойт" деген ички жобосуна таянып, акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө эч тоскоолдук жаратпаганын айтып чыкты. Кайым айтышуу канчага созуларын ким билет?..

Өлкөнүн намысын коргоочулар. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 19 спортчу коргойт. Алар кимдер экенине кызыгып жатсаңыз бул жакты караңыз. Биздин спортчулар Рио оюндарына катышканга чейин кандай ийгиликтерди жаратканы ар бирибизге эле кызык болсо керек. Мөрөй талашып, өлкө намысын коргой турчу мекендештерге ийгилик каалайбыз.

Эшигин көрүп, төрүнө өт. Акыркы кездери Кыргызстанда туризм тармагы өнүгүп, туристтер үчүн бир топ эле ыңгайлуу мамлекет экенин бир нече дүйнөлүк басылмалар жазып келет. Көлдө жайкы сезон ачылып, ички жана чет жактан келген туристтер кыргыз бермети болгон Ысык-Көлгө агылууда. Облус жетекчилиги туристтер биринчи эле Боом капчыгайындагы тамактануу жайларына токторун эске алып, бул жактагы ажаткана жана тейлөөнүн сапатын бир айдын ичинде жөнгө салгыла деп тапшырма берди. Тазалыгы, тейлөөсү мыкты болуп турса, бир келген турист кийинки жылы да келем деген ойдо кетери талашсыз.

Мессинин чачы агарып… Дүйнөлүк футбол жылдыздары өз күйөрмандарын ар кандай жолдор, ыкмалар менен таң калдырып келет. Кээде чектен ашып кеткен кадамдарга дагы барат. Аргентина курама командасынын капитаны жана "Барса" клубунун чабуулчусу Лионель Месси чачын ак түскө боеду. Кара чачтуу болуп эл көзүнө жакшы таанылып калган футболчунун бул аракети түрдүү талкууларга, тамашаларга жем таштады. Чачын "ак баскан" футболчу эми карылыкка моюн сунуп отуруп калбай, дагы далай топ киргизип күйөрмандарын шыктандырып турат деп үмүт кылабыз. 

A photo posted by FC Barcelona (@fcbarcelona) on Jul 25, 2016 at 1:38am PDT

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.13 сом болду.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Конок койдон жоош

Ар бир күн баарыңыздарга жаңы ийгиликтерди алып келишип каалап, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0