Намыска жарачу берендер. Рио олимпиадасына барчу Кыргызстандын курамы

© REUTERS / RICARDO MORAESОлимпиядалык оюндардын логотиби. Архив
Олимпиядалык оюндардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жайкы Олимпиада оюндары 5-августтан 21-августка чейин Түштүк Америкадагы Бразилия өлкөсүнүн Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Анда спорттун 28 түрүнөн 206 өлкөдөн тандалган 10 миң 500 спортчу мөрөй талашат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 306 комплект медалдар ыйгарылат.

Рио олимпиадасына Кыргызстандан 19 спортчу жолдомо алып, өлкө намысын коргоп, кыргыз туусу оюндардын ачылыш аземинде көтөрүлөт. Адистердин баамында грек-рим, эркин күрөш, дзюдо боюнча кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга илинип калышы ыктымал. Рио-де-Жанейро шаарына аттанып жаткан олимпиадалык делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов олимпиадачылар менен тааныштырмакчы. 

© AFP / MANAN VATSYAYANA Жөө күлүк Юлия Андреева (солдо)
Бегунья на длинные дистанции, участница двух летних Олимпийских игр Юлия Андреева  - Sputnik Кыргызстан
Жөө күлүк Юлия Андреева (солдо)

1. Жөө күлүк Юлия Андреева

Рио олимпиадасына кыргыз спортчуларынын ичинен эң биринчи жолдомону жөө күлүктөрдөн Юлия Андреева (Архипова) алган. Спорттун эл аралык чебери Юлия 32 жашта. Жөө күлүк 2008-жылы Пекин, 2012-жылы Лондон олимпиадалык оюндарынын марафондук жарыштарына катышкан. Эл аралык турнирлерде бир нече ирет мөрөй алган. Ал орусиялык марафончу Григорий Андреевге турмушка чыгып, жолдошунун фамилиясын алган. Юлия массаж курсун аяктап, спортчу курбуларына массаж жасайт. Кол өнөрчүлүккө кызыгып, камыштардан, майда бутактардан себет, сувенирлерди жасоо менен алектенет.

2. Жөө күлүк Мария Коробицкая

Мария 26 жашта. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясын бүткөн. Ал орто аралыктарга чуркоодо өлкө чемпиону. 2015-жылы Россиянын Омск шаарында өткөн марафондук жарышта 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөт 25 секундда чуркап өтүп, Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышууга жолдомо алган. Мариянын устаты 1980-жылкы Москва олимпиадасында коло байге уткан, даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровду таптаган машыктыруучу Виктор Борисов.

3. Жөө күлүк Виктория Полюдина

Виктория Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүткөн. 27 жашта. 2010-жылы жабык имараттагы Азия чемпионатында 5000 жана 10000 метр аралыктарда Азия чемпиону аталган. 2010-жылы Азия чемпионатында марафондо күмүш байгелүү болгон. 2014-жылы жабык имараттагы Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Жаштык жалыны, жеңиштерге шыктандырып, табында турган учуру. Бирок, африкалык, азиялык мыкты күлүктөрдөн озуп чыгалаар бекен?!

© Фото / Сагын АильчиевЖөө күлүк Илья Тяпкин
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский легкоатлет Илья Тяпкин - Sputnik Кыргызстан
Жөө күлүк Илья Тяпкин

4. Жөө күлүк Илья Тяпкин

Рио олимпиадасына Улуттук Олимпиада комитетинин жана өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын жетекчилеринин өтүнүчү менен жолдомо алган марафончу Илья Тяпкин болду. Себеби ал 2016-жылы Чехияда өткөн марафонду 2 саат 19 мүнөт 19 секундда чуркап өтүп, Рио-де-Жанейро олимпиадасына жолдомо алууга 19 секунд гана жетпей, өкүттө калган. Оңдой берди болуп, Эл аралык жеңил атлетика федерациясы 19 секунда убакытты эсепке албай Рио олимпиадасына катышууга уруксат берип, Ильянын жолун ачты. Спортчу 25 жашта, эл аралык спорт чебери. 

5. Жөө күлүк Дарья Маслова 

Спорттун эл аралык чебери Дарья 21 жашта. 2014-жылы Тайпейде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында 10 000 метр аралыктагы жарышта Азия чемпиону аталган. 2015-жылы Кытайдагы Азия чемпионатында коло байгелүү болуп, 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн дүйнөлүк студенттердин Универсиадасында коло медаль тагынган. Рио олимпиадасында 10 чакырым аралыкта мөрөй талашат. Дарьяны таптаган устаты Азия оюндарынын чемпиону, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Татьяна Борисова. 

© Фото / Кабыл МакешовГрек-рим күрөш балбаны Арсен Эралиев
Борец греко-римского стиля Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөш балбаны Арсен Эралиев

6. Грек-рим күрөш балбаны Арсен Эралиев 

Балбандардан биринчи болуп жолдомо алган Арсен Эралиев 27 жашта. Грек-рим күрөшүнөн эл аралык спорт чебери. Арсен Азия чемпиону, Эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү. 2012-жылы Лондон олимпиадасына катышып, жолу болбой өкүттө калган. 2015-жылы Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеп, Рио олимпиадасына жолдомо алган. Күрөш менен 15 жашынан машыгып келет. Жеке машыктыруучусу Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мерамбек Ахметов болсо, Риого Пекин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев даярдады. 

© Фото / Сагын АйылчиевГрек-рим күрөш балбаны Мурат Рамонов
Участник Олимпиады-2016, борец греко-римского стиля Мурат Рамонов - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөш балбаны Мурат Рамонов

7. Грек-рим күрөш балбаны Мурат Рамонов 

26 жаштагы Мурат 10 жылдан бери күрөшүп келет. Ал Риодо 130 килограмм салмак категориясында күч сынашат. Эл аралык турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүсү. Уландар, жаштар арасында Азия чемпиону болгон. Азия чемпионаттарында күмүш, коло медаль тагынган. Быйыл Астанада өткөн Азиялык олимпиадалык турнирде күмүш байгелүү болуп, Рио олимпиадасына жолдомо алган. Жеке устаты — Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Фархад Ушуров. 

© Фото / United World WrestlingГрек-рим күрөш балбаны Руслан Царев
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Руслан Царев - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөш балбаны Руслан Царев

8. Грек-рим күрөш балбаны Руслан Царев

Руслан 25 жашта. 2014-жылы Астанада баардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталган. Азия чемпионаттарында күмүш, коло байгелүү болгон. Эл аралык турнирдерде көп жолу байге уткан. Быйыл Стамбулда өткөн эл аралык лицензиялык мелдеш Рио олимпиадасына жол ачкан. Ал эл аралык спорт чебери. Балбанды башкы устат Канатбек Бегалиев менен улук устат Азат Эркимбаев даярдап, машыктырды.

© AFP / JUNG YEON-JEБалбан кыз Айсулуу Тыныбекова (оң жактан экинчи)
Чемпионка Азии  по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (оң жактан экинчи)

9. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу — өлкө тарыхында эркин күрөштөн олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы карлыгач. 23 жаштагы Айсулуу алгач каратэ-до менен машыгып, 2008-жылы эркин күрөштү тандап алган. Эл аралык Гран-при турнирлеринин жеңүүчүсү. Лондон олимпиадасына катышып, жаштык кылып койгон. 2016-жылы Азия чемпиону аталды. Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиадасынын жана Азия оюндарынын коло медаль ээси. Быйыл Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде Рио олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Айсулууну Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков таптап жатат. 

© AP Photo / Paul SancyaЭркин күрөш балбаны Магомед Мусаев (оңдо)
Кыргызстанский борец по греко-римской борьбе Магомед Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев (оңдо)

10. Эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев

Азия чемпиону Магомед 27 жашта. 2010-жылы Орусиядан келип, Кыргызстандын жарандыгын алган. Эркин күрөш менен 10 жашынан бери машыгат. Эл аралык Гран-При турниринде көп жолу баш байге уткан. 2012-жылы Азия чемпиону болгон. Лондон олимпиадасына катышып, 7-орунга илинген. 

2014-жылы 17-Азия оюндарында күмүш байгелүү болгон. Азия чемпионатында эки ирет күмүш медаль уткан. Быйыл Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде алтын байгелүү болуп, Рио олимпиадасына жолдомо алган. 

Магомед Ысык-Көлдө машыгуудан өтүп, Орусиянын балбандары менен бирге даярдык көрдү. Жакында эле Бишкекте өткөн АКШ — Кыргызстан жолдоштук беттешүүдө эки ирет жеңип, Риого даярдыгы дурус экенин көрсөттү. 

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүЭркин күрөш балбаны Айаал Лазарев
Универсиада. 6-й день. Вольная борьба - Sputnik Кыргызстан
Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

11. Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

126 килограмм салмактагы Азия чемпиону Айаал Лазарев 30 жашта, улуту — якут. 2010-жылы Орусиядан келип, Кыргызстан жарандыгын алгандан кийин өлкөнүн намысын коргоп келет. Азия чемпионаттарында эки жолу коло байге уткан. 2015-жылы Доха шаарындагы Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. 

Быйыл Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде жарым финалда жеңишке жетип, коло байгелүү болгон. Бирок, Риого жолдомо албай, бармак тиштеп калган. Кийин атаандашы допинг менен кармалып, Айаалдын Рио олимпиадасына жолу ачылып, багын сынамак болду. Учурунда ушул балбандын чеберчилигин, талантын байкап, Кыргызстан үчүн күрөшүп бергиле деп көндүргөн КРнын эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генералы Мелис Турганбаев болгон.

© Фото / из личного архива Иззата АртыковаОор атлетчи, чоюн билек балбан Иззат Артыков
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский тяжелоатлет Иззат Артыков - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетчи, чоюн билек балбан Иззат Артыков

12. Оор атлетчи, чоюн билек балбан Иззат Артыков 

Жаз айында Ташкентте өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Иззат Азия чемпиону аталып, Кыргызстан командалык эсепте Рио олимпиадасына бир жолдомо алуусуна зор салым кошкон. Оор атлетика федерациясы бул жолдомону Иззат Артыковго ыйгарган. 23 жаштагы Иззат оор атлетика боюнча эл аралык спорттун чебери, өлкөнүн бир нече жолку рекордчусу жана чемпиону. Азия кубогунун бир нече жолку жеңүүчүсү. Уландар, жаштар арасындагы Азия чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Иззат 69 килограмм салмакта 150 килограммдагы оордукту жулкуп, 188 килограмм салмакты түртүп көтөрүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Устаты — Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Усөнкан Майназаров. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБокс чебери Эркин Адылбек уулу
Интервью с боксером Эркином Адылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Бокс чебери Эркин Адылбек уулу

13. Бокс чебери Эркин Адылбек уулу

Эркин Адылбек уулу быйыл Кытайдагы олимпиадалык турнирде үчүнчү орунга жетип, Рио олимпиадасына катышууга жолдомо утту. Ал 81 килограмм салмакта таймашат. Эркин 25 жашта. Сегиз жылдан бери бокс менен машыгат, Кыргызстандын чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Кыргызстандык мыкты мушкерлердин баары жыдып, ушул Эркин гана Рио таймаштарында өлкө намысын коргомой болду. Устаттары — Данияр Жусубалиев, Акыйкат Абаеев жана Юрий Гавва болуп саналат. Рио олимпиадасына башкы устат Адылхан Бекболотов даярдап, коштоп барат. 

© Фото / из личного архива Юрия КраковецкогоДзюдочу Юрий Краковецкий
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
Дзюдочу Юрий Краковецкий

14. Дзюдочу Юрий Краковецкий

24 жаштагы Юра 100 килограмм салмактан жогорку чен бирдикте күч сынашмакчы. Ал бала кезинде спорттук гимнастика менен машыккан. 9 жашынан бери дзюдо менен алектенип келет. Бир жыл Париждеги Эл аралык дзю-до академиясында окуп, билим алган. Ал Азия чемпионаттарында эки жолу күмүш, үч жолу коло медаль утуп, эл аралык турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. 2012-жылы Лондон олимпиадасына Азия дзюдо федерациясынын квотасы менен жолдомо алып катышкан. Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Сергей Мистрюков Риодо кеп-кеңешин айтып жанында болот.

15. Дзюдочу Отар Бестаев

25 жаштагы Отар Риодо 60 килограмм салмакта күч сынашат. Сегиз жашынан бери дзюдо менен машыгат. Түндүк Осетиянын мамлекеттик университетинин дене тарбия жана спорт факультетин бүткөн. Улуту — осетин. Баралына келип, табында турган учуру. Рио олимпиадасына Азия дзюдо федерациясынын квотасы менен жолдомо алды. 2014-жылы Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз жарандыгын алган. 2015-жылы Ташкентте Азия чемпионатында коло байгелүү болгон. Былтыр Минск шаарында өткөн Европанын ачык Кубогунда баш байгени утуп, алтын медаль тагынган. Бир нече ирет эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Бул өжөр, курч, намыскөй жигитти Кыргызстанга алып келип, биздин атуулдукту алуусуна себепкер болгон КРнын дзюдо федерациясынын президенти, Бишкек шаардык спорт комитеттин жетекчиси Ырысбек Мааткабылов. 

© Sputnik / Михаил РогожинСууда сүзгүч Дарья Таланова
Интервью с пловцом из Кыргызстана Дарьей Талановой - Sputnik Кыргызстан
Сууда сүзгүч Дарья Таланова

16. Сууда сүзгүч Дарья Таланова 

2012-жылы Лондон олимпиадасына аттанып жаткан кыргызстандык спортчулардын эң жашы Дарья 17 жашта болчу. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Кыргызстандын көп жолку чемпиону жана рекордчусу эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. 2011-жылы Кытайдагы, 2013-жылы Испаниядагы Дүйнө чемпионаттарына катышкан. 

17. Сууда сүзгүч Денис Петрашев 

16 жаштагы сууда сүзгүч Денис Петрашов жайкы Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышууга эң жаш жолдомо алган кыргызстандык спортчу. Денис өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Жаш болсо да Риодо дүйнөнүн мыктылары менен атаандашып, чеберчилигин өстүрөт. Ал спортчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. Жеке машыктыруучусу — Юрий Захаров. Башкы устат, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Евгений Петрашов — Денистин атасы.

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөш балбаны Жанарбек Кенжеев
Борец греко-римского стиля Жанарбек Кенжеев  - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөш балбаны Жанарбек Кенжеев

18. Грек-рим күрөш балбаны Жанарбек Кенжеев 

Балбан Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште индиялык жана япониялык балбандарды утуп финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Бирок мелдештен кийин тапшырылган допинг тест оң натыйжа берип, канынан тыюу салынган мельдоний заты табылды деген негиз менен анын жолдомосу 11-майда индиялык балбанга берилген. Бул жагдай маалымат каражаттарында кеңири талкууланып, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан.

Ушул окуядан кийин Кыргызстандын Күрөш федерациясы менен Улуттук Олимпиада комитети Кенжеевдин канынан табылган мельдоний заты уруксат берилген өлчөмдө (0.85 мг) экенин негиз кылып, Дүйнөлүк күрөш уюмуна (United World Wrestling) чечимди кайра карап чыгууну өтүнүп кат жолдогон. Аталган уюм Кенжеевге Олимпиада оюндарына алган жолдомосун кайтарып берип, спортчунун таймашууга жолу ачылды. Жанарбек Кенжеев — Азиянын эки жолку чемпиону, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпионатынын коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан. 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып, анда 13-орунду алып калган. Учурда ал 33 жашта. 

19. Оор атлетчи, балбан кыз Жаңыл Океева 

Жаз айында Ташкентте өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Жаңыл Океева кыз-келиндер командасын баштап барып, Кыргызстан командалык эсепте Рио олимпиадасына бир жолдомо алуусуна зор салым кошкон. Олимпиадага саналуу күндөр калганда айрым өлкөлөрдүн балбандары допинг кылтагына түшүп, Океева тизмеден алдыга жылып, 16-июлда ага Рио олимпиадасына жолдомо ыйгарылып, кубанычтуу кабар келди. Ошентип, 48 килограмм салмакта Жаңыл Рио олимпиадасында өлкө намысын коргой турган болду. 23 жаштагы Океева — оор атлетика боюнча эл аралык спорттун чебери, өлкөнүн бир нече жолку рекордчусу жана чемпиону. 2013-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда коло байге уткан. Эл аралык турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. Жаңыл өз салмагында 79 килограмм оордукту жулкуп, 106 килограмм салмакты түртүп көтөрүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Жаңылдын атасы Айтбек Океев оор атлетика боюнча СССР спортунун чебери. Устаты — Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Усөнкан Майназаров.

Жаңылыктар түрмөгү
0