БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарын облусунан ажылык сапарга баруучу зыяратчылар эмдөөдөн өтүшкөнүн муфтият билдирди.
Эмдөөдөн соң Нарын казыятынын жыйындар залында чогулушуп, ажылыкка бара турган жарандарга ажылыктын шарттары түшүндүрүлгөн.
Эскерте кетсек, быйыл Нарын облусу боюнча ажылыкка 27 адам барууга ниеттенүүдө. Алардын 20сы эркектер болсо, жетөөсү аялдар.
Былтыр облус боюнча 14 адам ажылыкка барууга билдирмелерин бергенин муфтияттан билдиришти.