БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Риодогу жайкы Олимпиада оюндарына барчу Кыргызстандын улуттук курама командасын балбан Арсен Эралиев жетектейт. Бул тууралуу КРдин күрөш федерациясы билдирди.
Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын коргойт.
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-21-август аралыгында Олимпиадалык оюндар өтөт. Анда Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат.
Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасын Данияр Көбөнов жетектеген.