Кыргызстандын Улуттук гвардиясы 24 жылдыгын белгилегенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Улуттук гвардиянынын №1-аскердик шаарчасында өтүп, ага күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Улуттук гвардиянын ардагерлери катышты.
Өз кезегинде Улуттук гвардиянын башкы командачысы полковник Мирбек Касымкулов аскерлерди майрамы менен куттуктап, ынтымак, темирдей тартип бар жерде гана ийгилик болоорун айтты.
Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

Улуттук гвардиянын аскерлери алгачкы ирет 1992-жылдын 20-июль күнү ант беришкен

Гвардия өлкөнүн коопсуздугун сактоо максатында түптөлгөн

3/17
© Фото / пресс-служба Национальной гвардии КР
Быйылкы салтанаттуу иш-чара аскер шаарчасында өткөрүлдү

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде

Улуттук гвардияга мыктынын мыктылары гана тандалып алат

Аскерлер желекти кайтарууга бет алганда

Өлкө күзгүсү болгон аскерлер салтанаттуу марш учурунда

Маңдай тер төгө машыгуу ийгиликтин ачкычы

Желек кайтарган аскерлер кийимине чаң жуктурбаш керек

Баатырларга арналган гүлчамбар

Аскерлер расмий салтанаттарда кызмат өтөшөт

Улуттук гвардиянын алдындагы атайын даярдыктагы "Пантеранын" аскерлери

Аскерлер күн-түн дебей машыгышат

Аскерлер норматив тапшырууда

Азаматсың. Беш!

Бир сапка тизилген аскерлер

Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет? Келечектеги аскер.
