Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТелефон менен сүйлөшүп жаткан Россиянын президенти Владимир Путин. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкө башчысы август айында жолугушуусу мүмкүн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын өлкө башчысы Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө мамлекетти басып алууга болгон аракет учурунда каза болгон кишилерден улам көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүү Россия тараптын демилгеси менен ишемби күнү болгон. Путин ошондой эле Түркиядагы россиялык туристтердин коопсуздугун түрк бийлиги камсыз кылат деп ишене турганын айткан.

Дин аалымы Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтты
Андан сырткары эки өлкө башчысы жакын арада жолугушуу боюнча да сүйлөштү. Маалыматтарга ылайык, жолугушуу август айында болушу ыктымал.

Белгилей кетсек, 16-июлдун түнүдө Түркия өлкө бийлигин басып алууга аракеттер болгонун жарыялаган. Өз кезегинде Түркиянын аскерлери бийлик алардын колуна өткөнүн жар салышкан. Ишемби күнү эртең менен аскерлер колго түшүп берип баштаган. Түрк бийлиги козголоңчулардын аракети ишке ашпай калганын билдиришкен. Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашык киши камакка алынган, алардын арасында генералдар жана башка жогорку кызмат адамдары дагы бар. Өлкөнүн бийлигин басып алууга болгон аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 104тү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0