Журналист Гүлдана Талантбекова Төрөгелдинин апасы Света Ташалиева менен да маектешип, баласы бирге чыкканда таттуу булдуруктаган сөзүнөн башка эч нерсе укпай калганын жана күйөөсүнүн доктур болуп туруп "балабыз беш жашка чыкканда сүйлөйт" деп жоошутуп койгонуна алданганы үчүн ажырашып кеткендиги туурасында угуп кайтты.
Мен Төрөгелдини мурун көрүп жүрчүмүн. Бирок анын кемчилигинен кабарым жок эле. Кийин билгенден соң, маектешейин деп ал иштеген дүкөнгө кирип барып сатуучу эжеге "Сиздерде бир бала иштейт, ал сүйлөбөйт. Мен аны менен жолугушум керек" дедим. Сатуучу эже "Төрөгелдиби, ал менин балам, эмне кыласың?" дегенде бармагымды бырча бир тиштегеним эсимде.
Төрөгелди менен болгон маегибиз апасынын катышуусунда болду. Себеби, Төрөгелди жаңсап колу менен сүйлөгөндүктөн апасы Света эже бизге жардамчы болду. Биз маңдай-тескей отуруп алып, маектештик.
— Сен качантан бери айланынын добушун, кимдир бирөөнүн илбериңки сүйлөгөнүн укпайсың?
Төрөгелди: — Апамдын айтуусу боюнча он бир айымда суук тийип, менингит оорусуна чалдыгып комада 16 күн жатыптырмын. Атам балдар дарыгери болчу. Жаным тирүү калганым менен майып болуп калдым. Бал тилим чыгып калганда башка балдардай эле ата-апа деген сөздөрдү айтчу экенмин, анан ооругандан кийин кулакка мааламат барбаса сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн да ажырадым. Билген сөздөрүмдүн баары унутулду.
Света эже: — Кичинекейинде анын укпай калганын байкаган эмесмин. Бир күнү сиңдимдин баласы экөө уктап жатканда шкафтан тарелкалар күч менен шарак этип түшүп кеткенде, сиңдимдин баласы бакырып ойгонсо менин балам уктап жатат мемиреп. Анан таенем балаң укпай калган окшойт, тезинен текшертип көрчү деди. Биздин анан көрүнбөгөн жерибиз калбады.
— Ооруң тууралуу алгачкы жолу билгениң эсиңдеби?
Төрөгелди: — Кичинекей кезимде мен үчүн да ата-энем үчүн да жеңил болчу.Чоңойгон сайын көйгөйлөр чыкты. Эсимде үчүнчү класста окуп калганда айланамдагы башка адамдаргы салыштыруу башталган.
— Башка да оору менен жабыркайт экенсиң?
— Он бир айымда укпай, сүйлөбөй калсам он бир жашымда башка оору жармашты. Ал жүрөк кемтиги экен. Учурда дарыланып келем. Ашканада иштегендиктен кээде камыр жайып, үбөлүк менен иштегенде күч келип кыйналбасам. Калганы жакшы.
— Бул токоч, самсыларды сен жасайсыңбы?
Бала: — Мурун башкалардан алып келип сатчубуз. Өзүм бир нерсе жасоого кызыктармын. Бул тамактарды чоң-кичине, ачуу-таттуу кылып жасап атып өздөштүрдүм. Кесибим жыгач уста болгондуктан буга чейин мебель чыгарган жайда иштечүмүн. Ар кандай болот экен. Билбейт деп алдап кеткендер болду. Азыркы жумушум жагымдуу гана болбостон үйдөгүлөргө аз да болсо жардам берип жатам.
Света эже: — Төрөгелди бала кезинен эле бөтөлкө чогултуп, балмуздактын таякчаларынан үйлөрдү курап, жыгачтан отургучтарды жасап бизге жардам берип жүрдү. Бир орунда токтоп калбай, жашоону арабасын түртүп келет.
— Учурда атаң менен жолугуп турасыңбы?
Бала: — Ал мындан төрт жыл мурун уктап ойгонуп эле жүрөгү жарылып каза болуп калды. Кичинекей кезимде байкем экөөбүз жолугуп турчубуз. Атамды мен бөтөнчө жакшы көрөөр элем…
— Төрөгелди сенде кимдир бирөөнү жактыруу сезими болду беле?
Төрөгелди: — Мен кыздар менен деле сүйлөшкөн жокмун. Билбейм башкаларга салыштырмалуу сезимдерим күчтүү эмес. Бир кызды жактыргам, ал менин үмүтүмдү тебеледи көрүнөт.
Света эже: — Ошол айтып жаткан кыз, менин баламды биринчи өзү жактырып калыптыр. Сүйүүсүн билдире албай мага ортомчу кылып курбу кыздарын жиберип жүрдү. Укканда тамаша болсо керек деп ишенген жокмун. Анан кыз өзү келип уулуңуз менен тааныштырыңыз дегенде кубандым. Себеби ал сүйлөгөн кыз экен. Жок дегенде неберелеримдин саламаттыгын каалар элем. Экөөнү жолуктурдум. Бирин бири жактырышты анан мен балам менен чогуу ал кызды ашканага иштетип алдым. Балам жайдары жүрүп калган. Бир күнү ашканага келсем балам тиги кызды түртүп, кубалап жатыптыр. Сураштырсам уулум таштанды төккөнү түндө эшикке чыкса, сүйүктүүсү башка бала менен кол кармашып туруптур. Балам ошондон кийин кыздардан көңүлү калды. Кыз болсо группалаш балам болчу деп жалбырса да, кабыл албай койду.
Төрөгелди: — Туура ал менден кечирим сураган. Сүйлөгөн адамдар калп айтып жатканын өздөрү кантип түшүнүшөт билбейм. Мен укпагандыктан адамдын жан дүйнөсүнөн анын көздөрүнөн ачуу чындыкты байкайм. Калп сүйлөө деген кандай экенин билбейм, бирок ал жагымсыз маанай тартуулайт.
— Света эже башында айылда турчубуз, ал ортодо жолдошум менен да ажырашып кеткем дедиңиз. Менимче борборго келип, бул дүкөн менен чакан ашкананы түптөө түмөн иш болсо керек?
— Төрөгелди келечекте кандай пландарың бар? Эмне жөнүндө кыялданасың?
— Жашоомдо балдарымдын кыйналып жашашын каалабайм. Ошол себептен алар үчүн эмитеден кам көрүп баштадым. Айына берилчү жөлөкпулду көп жылдан бери банктагы эсебиме которуп турам. Кээде апам менен эсептешип иштеген акчамды топтом алам. Биздейлерди көп жерден иштетип туруп, алдап кетишет. Ошондуктан жеке бизнесимди ачып, келечегимди түптөйүн деген максатым бар. Учурда апам канча жылдан берки ак эмгегиң деп борбордон эки бөлмөлүү батир сатып берген. Оору менен гана алышпастан, жашоонун жокчулулугун да бирге сездик. Азыр кудайга шүгүр.