Башкысы каалоо жана эрк болсо, сиз өзүңүзгө да, өзгөлөргө да Кыргызстан кереметтүү өлкө экенин, башкалардан кем калышпаган ажайып аймактары бар экендигин ачып бере аласыз. Анда кеттик, сүрөт саякатка.
Sputnik сүрөт түрмөгүндөгү Кыргызстандын он беш ажайып көрүнүшү сизди кайдыгер калтырбайт. Ал тургай шердентип, ар кандай эрдиктерге – тоо-таштарга чыгууга шыктандырып да жиберет.

1/15
© Фото / Геннадий Закиров
Шамси капчыгайы. Бул ажайып жер Чүй облусунда жайгашкан жана Кегети өрөөнүнө кирет. Бул капчыгай жөнүндө уламыш көп. Дал ушул жерде Шамси ханышанын алтын бет кабы табылган. Ал азыр мамлекеттик тарых музейинде турат

2/15
© Фото / Геннадий Закиров
Хан-Теңир чокусу деңиз деңгээлинен 7010 метр бийиктикте орун алган. Жети чокунун клубу дегенди уккансызбы? Эгер Эңилчек өрөөнүндөгү ушул чокуну багындырсаңыз, анда дүйнөнүн бардык эң бийик чокуларына чыга алам дей бериңиз

3/15
© Фото / Геннадий Закиров
Алтын-Арашан капчыгайы. Караколго жетсеңиз, шаардан чыгышты карай 10 чакырым баскандан эринбей, ушул капчыгайга кире кетиңиз. Ал жерде жылуу булактарды жана деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жаткан табышмактуу Ала-Көлдү табасыз

4/15
© Фото / Геннадий Закиров
Барскоон капчыгайы. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Караколдон батышты карай 90 чакырым аралыкта. Көп сандагы шаркыратмалары менен атактуу

Беш-Таш улуттук паркы. Ал Таластан түштүктү карай 25 чакырым аралыкта орун алган жана облустун башкы эс алуучу жайларынын бири болуп эсептелет. Анча алыс эмес жерде, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте аты уйкаш көл жатат

Соң-Көл көлү. Нарын облусунда, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте орун алган. Бул Кыргызстандын эң ири бийик тоолуу көлдөрүнүн бири үчүн анча мүнөздүү болбогон сүрөт.

7/15
© Фото / Геннадий Закиров
Ала-Арча улуттук паркы. Дал ушул жерден көп сандагы альпинисттер Ак-Сай мңңгүсүн карай сапарын баштайт

Бийик толуу аты жок көл. Бул Талас облусундагы тоодо. Суусу мөлтүрөгөн тунук көл тоо кыркаларында жашынган жаратылыштын жалгыз белеги эмес

Ысык-Ата, Туюк капчыгайы. Чүй облусундагы атактуу капчыгайдын койнунда мындай балаты жана карагай токойлору бар экенин баары эле биле бербейт

Талас тоолорундагы суу. Сай бойлой гүлдүү шиберлер — саякатчынын конушу үчүн бейиштин төрүндөй эле

Жети-Өгүз капчыгайы. Бийик тоолуу жайлоо, оттоп жүргөн кулундуу бээлер, жылкылардын үйүрлөрү көзгө сүйкүм көрүнөт. Өз көзүм менен көрөм десеңиз, Караколдон түштүк-батышты карай 28 чакырым жүрүп, капчыгай менен бир аз жогору көтөрүлүңүз

12/15
© Фото / Геннадий Закиров
Рацек үйү. Альпинисттердин белгилүү лагери Ала-Арча улуттук паркынан жогору жайгашкан

13/15
© Фото / Геннадий Закиров
Белогорское капчыгайы. Бишкектен 80 чакырым аралыкта жана сүрөттөгү 80 метрлик Ала-Тоо шаркыратмасы менен атагы чыккан

Сары-Челек коругу. Жалал-Абаддагы бийик тоолуу көлдү Чаткал тоолору менен жаңгак-жемиш токойлору курчап турат

Григорьевское капчыгайы же жергиликтүү эл аны Чоң-Ак-Суу деп да аташат. Дагы бир ажайып кооз жер Ысык-Көлдө, Чолпон-Атадан 60 чакырым аралыкта орун алган. Дал ушул капчыгайды жөө жана атчан жүрүш үчүн көп тандап алышат.
