БИШКЕК, 11-июл.— Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Нурлан Айтмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков атайын буйрукка кол койду деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Таратылган маалыматта Айтмурзаев ректордук кызматтан кетүүгө өзү арыз жазгандыгы айтылган.
Айтмурзаев Дипакадемиянын жетекчилигине 2013-жылдын июлунда дайындалган.