БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мэрияга караштуу "Бишкекасфальтсервис" ишканасы Лев Толстой менен Ибраимов көчөсүндөгү көпүрөнүн жолун оңдой турганын шаардык муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери 20-июлда башталып 10 күнгө созулмакчы. Жолду реконструкциялоо көчөнүн чыгыш бөлүгүнөн башталат.
График боюнча ремонт иштери 30-июлга карата аякташы боолголонууда.