БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Чүйдөгү Ала-Арча суу сактагычына жана Нарындын Ат-Башы районунда сууга сөгүп кеткен эки жарандын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына чөгүп, 10-июндан бери изделип жаткан Ош облусунун 25 жаштагы тургуну Сыдык уулу Алтынбектин жана "Ак-Бата" жаңы конушунун 56 жаштагы тургунун Жалпыз Молдогазиевдин жансыз денелерин табышкан.
Мындан сырткары, куткаруучулар кечээ Нарын облусуна караштуу Ат-Башы суусунан чөгүп кеткен алты жашар Бейшенбек кызы Раянанын жансыз денесин табышып, сөөгүн ата-энесине өткөрүп беришкен.