БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Газ ташуучу автоунаа жарылып, андан жабыркагандардын дарылануусу жана дары-дармектерди алуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев 500 миң сом акчалай жардам бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Дүйшөмбү күнү, 6-июнда кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан 10 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү жабыркагандарды дарылоо үчүн дары-дармек алууга жарандарды жардам берүүгө чакырган.