Легендарлуу боксчу Мухаммед Алинин жарык дүйнө менен кош айтышуусу, АКШнын мамлекеттик катчсы Жон Керринин Монголияга болгон сапары, Германиянын түштүк батыш тарабындагы суу ташкыны, президент Алмазбек Атамбаевдин Улуттук онкологиялык борборго келүүсү, Колумбиянын борборундагы жылаңач адамдардын флешмобу сыяктуу кызыктуу окуяларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт топтомунан көрүңүздөр.

Легендарлуу боксчу Мухаммед Али өткөн жумада 75 жаш курагында Финикстеги (АКШ) ооруканадан каза тапты. Мухаммед Али (чыныгы аты — Кассиус Клей) бокс тарыхындагы эң белгилүү спортчу. Ал оор салмак боюнча дүйнө чемпиону (1964-1966, 1974-1978), "жылдын боксчусу" жана "10 жылдын мыкты мушкери" наамдарынын беш жолку ээси

Президент Алмазбек Атамбаев жубайы менен биргеликте Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги Улуттук онкологиялык борбордогу балдарды көрүү үчүн келди. Өлкө башчы борбордун директоруна беш миллион сомдук сертификат тапшырды

Боливиядагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көтөрүүнү талап кылып акцияга чыгышты. Алар майыптарга жыл сайын берилүүчү төлөмдөрдү ай сайын берүү зарылдыгын айтышты

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Монголияга барган иш сапарында (Улан-Батор) жаа атты

АКШнын Аба аскердик академиясынын бүтүрүүчүлөрү (Колорадо)

Москвада өтүп жаткан Канада менен Бразилия командаларынын ортосундагы волейбол таймашы. Сүрөттө Хитер Бэнсли (Канада) 3-үчүнчү орун үчүн беттешүүдө

Лос-Анжелесде бодибилддердин "Булчуңдардын пляжы" аттуу сынак болуп өттү. Ага ар кайсы курактагы спортчулар катышты

АКШ сулуусу" сынагынын финалы Лас-Вегаста болуп өттү. Анда 50 штаттан 52 сулуу келди. Натыйжада Колумбия округунун катышуучусу жеңүүчү аталды

Париждеги Сена дарыясынын көлөмү узакка созулган жаандан улам акыркы 34 жыл ичинде рекорддук көлөмгө жетти

Индиянын Ахмадабад шаарында асма тордо уктап жаткан наристе

Бельгиядагы Фао Фао пандасы бейшемби күнгө караган түнү жарык дүйнөгө наристесин алып келди.

Калифорния штатындагы жүк ташуучу унаанын жол кырсыкка кабылышы чоң өрттүн пайда болушуна алып келди. Беш миңден ашык жаран эвакуацияланды. Кургакчылык менен ысык аба ырайынан улам чыккан өрт жакын жердеги токойду да жалмап кеткен. Натыйжада бир чарчы чакырым жер өрткө кабылды. Аны өчүрүүгө 200 өрт өчүрүүчү бригада катышкан

Германиянын түштүк батыш аймагындагы узакка созулган жаандан улам суу ташкыны болду. Кырсыктын кесепетинен 10 адам жабыркады

Россиядагы беш кабаттуу үйдүн тосмосу урап түштү. Эки адам ажал таап, дагы үч жаран ар кандай жаракат алды. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда үйдүн жашоочусу эч кимден уруксат албастан үч жумушчуну жалдап алып оңдоо иштерин баштаган

Спенсер Туник аттуу белгилүү фотограф уюштурган жылаңач адамдардын флешмобуна 10 миң адам катышты. Иш-чара Колумбиянын борборунда жекшемби күнгө караган түнү өткөрүлдү
