Белгилей кетсек, мушкер буга чейин дем алуусу начарлап ооруканага жаткырылган болчу. Дарыгерлер анын абалы оор экенин жакындарына билдиришкен.
3-июнда каза болгон. 74 жаштагы Али дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүсү. Ал Паркинсон оорусу менен жабыркап келген.
Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда төрөлгөн. Ал спорттук карьерасын аяктагандан кийин ЮНИСЕФтин ыктыярчы элчиси болуп (1998-2008) да иштеген.

Америкалык мушкер, 1960-жылкы Олимпиаданын жеңүүчүсү Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда Луисвилде төрөлгөн

Кассиус Клей 12 жашында. Дал ушул убактан баштап ал бокс менен машыга баштаган

Мухаммед Али менен Сонни Листондун беттеши, 1965-жыл, 26-май. Али атаандашын биринчи раундда эле нокаутка чаап, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон

Жо Фрейзер менен болгон беттеш. 15-раундда Али нокдаунга жыгылган, бул беттеште ал утулуп калган. 1971-жыл, 8-март Нью-Йорк

Жордж Форман боло турчу мелдештин алдындагы маалымат жыйыны, 1974-жыл, 27-октябрь

Жо Фрейзер менен болгон реванш-мелдеш 1975-жылы 1-октябрда Манила шаарында (Филиппиндер) болуп, Али жеңишке жеткен. Бул мелдеш бокс тарыхындагы эң мыкты беттеш деп аталган

Спорт кабарчысы Говард Косселди тамаша салган Али. 1972-жыл, 7-август Уэст-Пойнт, АКШ

Мухаммед Али (Кассиус Клей) Москва шаарында

Мухаммед Алинин СССРдин мушкери Игорь Высоцкий менен Москва шаарында болгон мушташы

WBC жана WBA World версиясы боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн болгон мелдеш. Мухаммед Али менен Ричард Дандын беттеши. Али бул беттешти 5-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган

Бокстан кеткен Мухаммед Али жубайы Вероника менен. 1982-жыл, 29-март

Мухаммед Али кыздары — Лейла жана Хана менен. Лондон шаары 1978-жыл, 19-декабрь

Мухаммед Али кызы Лейла Али менен. Лейла Али дагы 24 жолу беттешип анын барын уткан.

Майк Тайсон жана Мухаммед Али, Лас-Вегас шаары, 1996-жыл, 22-февраль

Оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мухаммед Али Пенсильваниядагы мечитте. 1991-жыл, 5-июнь

Легендага айланган мушкер Лос-Анжелестеги фильмдин бет ачарында, 2004-жыл
