БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Футбол жылдызы Роналдиньо, атактуу актер Жан Клод Ван Дамм жана легендарлуу мушкер Майк Тайсон "Кикбоксер:өч алуу" тасмасына катышат.
Сценарий боюнча Роналдиньо уруш өнөрү боюнча мастердин ролун жаратса, баш каарман Моссини Ван Дамм ойнойт.
Тасманын башкы продюсери Роб Хикман аталган инсандардын спорттогу жетишкендиктери үчүн гана эмес, атактуулугуна да кызыкканын билдирди.
"Продюсер катары биз дагы маркетологдордой эле тасмабызды атактуулукка жеткире турган адамдарды тартабыз. Роналдиньо абдан таланттуу спортчу жана социалдык тармакта 66 миллион күйөрманы бар. Бул көрүнүш тасманы жайылтууга жардам болот", — деди Хикман.
Тасмага дагы UFC турниринин мушкери Пейдж Ванзант, "Игра престолов" тасмасындагы актер Хафтор Юлиус Бьернссондор тартылат.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кино үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде сатыкка чыгат.