БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарында каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн бир күндө 16 миң 887 доллар чогулду. Бул тууралуу кайрымдуулук үчүн каражат чогултуучу GoFundMe сайтында жарыяланды.
Эскерте кетсек, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин районундагы 24-майда эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган 25 жаштагы КР жараны 28-майда каза болгон.
Кырсыкка кабылган дагы бир жарандын бутуна операция жасалып, абалы жакшы экени маалымдалган.