БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин районундагы 24-майда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган 25 жаштагы КР жараны 28-майда каза болду. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарындагы мекендештер билдирди.
Белгилей кетсек, 24-майда Нью-Йоркто болгон жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран жаракат алган. Анын бирөөсү оор абалда ооруканага жеткирилсе, экинчи жарандын буту сынган. Буга чейин КР Тышкы ишер министрлиги оор абалдагы КР жаранына операция жасалганын маалымдаган.
Учурда КР жаранынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат топтолууда. Жалпысынан 16 миң доллар керек. Каза болгон жарандын сөөгүн 30-майда КРге жиберүү пландалууда.