"Этномаданият" фестивалы: элге байыркы Оштун элеси тартууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген ырчылар. Архив
Улуттук кийим кийген ырчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Этномаданият" фестивалы конокторду Ош шаарчасында кыргыз айылына чакырып, ал элди байыркы, кызыктуу дүйнөгө келгендей таасир калтырат деген ишенимде.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнда Ош шаарында Эл аралык "Этномаданият" фестивалы алты багытта өткөрүлөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Этномузыка багытында — фольклордук топтордун чыгармачылыгы, этномода багытында — байыркы улуттук кийимдерди жаңыча шөкөттөгөн дизайнерлердин эмгектери, кол өнөрчүлүк, каада-салт, живопись, улуттук тамак-аш жана ошондой эле антиквариат менен букинистикалык адабияттар багыттары", — деп айтылат билдирүүдө.

Уфада өтө турган эл аралык сынакка Адилет Азимов менен Мыктыбек Нурланбеков катышат
Кеңири масштабдагы "Этномаданият" фестивалынын алкагында боло турган бул алты багыт шаардын алты жеринде тартууланат.

Алымбек датка эс алуу борборунда "Каада салт" бөлүмү — тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу жөрөлгөлөрү көргөзөт. 

"Кол өнөрчүлүк" бөлүмү боюнча Театр аянтында жыгач, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр, белек-бечкек буюмдарын жасоочулардын катышуусунда өтөт.

Байыркы оштун элеси — короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү

Айыл чарба институтунан стадионго чейинки Ленин көчөсүндө атайын декорацияланган "Байыркы көчөдө" "Байыркылар жашоосу" багытында көргөзмөлөр коюлуп, коноктор байыркы жашоодогу буюмдар, эски короо жай шаймандары, үй эмеректери, чайхана, короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү, набайкана, самсакана, устакана жана башкалар менен тааныша алышат. 

Ош шаарындагы "Изюм" кафесинин алдында улуттук тамак-аш фестивалы каалоочуларды тосуп алат. 

 "Антиквариат, букинистикалык китептер" бөлүгү Жайкы театрда (Токтогул паркынын ичинде жайгашкан жайкы театр) өткөрүлүп, ал жерде түстүү металлдан жасалган зергер буюмдары, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, монеталар, китептер, букинистикалык газета-журналдардын көргөзмөсү башталат. 

"Байыркы Ош шаарчасын түзүү идеясы келген конокторду байыркы кыргыз айылын көргөндөй таасир калтырат", — деди Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекциянын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов.

Комуздун коштоосундагы битбокс
Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдан борбордук аянтка чейин байыркы чыгыш көчөсү көркөм шөкөттөлүп жасалып, көчө музыканттары, маскарапоздор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Баткендин атактуу килемдери менен Чоӊ-Алайдын таарлары этно шаардын көркүн ачмакчы.

Ал эми музыка сүйүүчүлөргө гала-концерт тартууланып, этно мода көрсөтүүчү дизайнерлердин моделдерин көрсөтүү менен айкалышат. 

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан аталган Эл аралык фестиваль коңшу мамлекеттерден жана өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген конокторду кабыл алат. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, элчиликтер, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр жана коомдук уюмдар чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0