БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Стамбулдун Малтеп районунда болгон жардыруудан төрт киши жабыр тартканын Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.
Азырынча теракт үчүн бир да уюм жоопкерчилик ала элек. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатат.
Кийинки күндөрү Стамбулда терактылар абдан көбөйүп кетти. Акыркысы 12-майда болуп, мина коюлган унаанын жарылуусунан сегиз киши жабыркаган. Анын бешөө полиция кызматкери экени айтылууда.