БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Лондон шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 25 жылдыгына арналган "Этно арт фест" деп аталган көргөзмө өтүп, ага Кыргызстан да чакырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
"Этно Арт Фест" долбоору соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы эл аралык алакаларды арттыруу максатын көздөйт. Иш-чара майдын аягына пландалып, азырынча так датасы билине элек.
Иш-чаранын маданий бөлүгү этнографиялык көргөзмөдөн турат, анда КМШ элдеринин тарыхый маданий жана этномаданий салттары баяндалмакчы. Этнографикалык көргөзмөнү бир бөлүгү Кыргызстанга арналат.
Долбоордун алкагында бизнес-форум, концерт уюштурулуп, альбома-каталогдун бет ачары өтүп, кыргызстандык моделерлер заманбап жана улуттук кийимдерди тартуулап, өлкө туурасындагы видеофильм тартууланат.