БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектин четиндеги "Арча-Бешик" конушунда 30 жаштагы эркек адамды таяктап өлтүргөндөр кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 24-март күнү болжол менен түнкү саат 23.25 чамасында белгисиз адамдар тарабынан конуштун тургуну сабалып, алган жаракатынан улам 27-мартта ооруканада көз жумган.
Ал тууганы ага бир таанышынан 1500 сом карызын өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылганын айткан. Мындан улам 24-март күнү аласаны алуу максатында жаранды көчөдө келе жаткан жеринен аркасынан темир союл менен башка чабышканын моюндаган.
Ал эми 10-май күнү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектеги кафелердин биринен кылмышка катыштыгы бар деп эсептелген экинчи жаран кармалды. Ал сурак учурунда кылмышка себепчи болгонун моюндаган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда.