БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Каракол Ички иштер бөлүмүнүн милициясы өзүнүн жээнин атып салды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Милициянын айтымында, окуя кечээ Теплоключенка айылында болгон. Шектүү Ак-Суу районунун милициясына өзү келип, кылмыш кылганын айтып берген.
Киши өлтүрүү фактысы боюнча бир катар экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы тактала элек.
Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат. Шектүү жаран камакка алынды.