БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Москвада "Евразиялык ишкер кеңеш ЭКСПО" көргөзмөсүндө "Кыргызстан" соода борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, соода-көргөзмө борбору 11-апрелде расмий түрдө ачылган. "Евразиялык ишкер кеңеш ЭКСПО" көргөзмөсү Европадагы эң ири соода-комплекси болуп эсептелип, 90 гектардан ашык аянтты ээлейт.
Аталган иш-чарага КР экономика министри Арзыбек Кожошев да катышты. Министр өз сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Москвада мындай соода-көргөзмө борборун ачкан биринчи өлкө экенин кошумчалады.
"Эми биздин ишкерлер продукциясын ортомчуларсыз Москвага түз алып келип, өз баасын коюп, бардык процессти онлайн түрүндө тескей алат. Бул ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн алгачкы жемиштери. Кыргызстандык ишкерлер Россияга эле эмес, башка мамлекеттерге да чыгууга мүмкүндүк алышат", — деди министр.
Өлкөдөгү аккредитациядан өткөн 28 лаборатория жана сертификат берүүчү 6 орган ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген. Булар берген документтер биримдикке мүчө мамлекеттердин аймактарында дагы жарактуу болуп саналат.