00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
On air
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Күн башат
Финансы министрлигине 100 жыл — өлкөнүн финансы системасы канчалык туруктуу?
07:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Самые «популярные» психические расстройства современности
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
БРИКС жана ШКУ дүйнөлүк тартиптин негизи болот
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
В КР ввели мораторий на сбор пяти видов диких растений. Что нельзя собирать, чтобы не быть оштрафованным?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
VIII "Азия балдары" оюндары – Кыргызстандык жаш спортчулардын эл аралык деңгээлдеги ийгилиги
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Азыркы учурда алдамчылыктын кайсы түрлөрү көп кездешүүдө? Алардын тузагына илинбеш үчүн эмнелерди билүү зарыл?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как правильно оформить развод — советы юриста
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Селдин кесепетинен улам азык-түлүк тартыштыгы болбойбу?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өзбекстан! Экономикалык өнүгүү жолу кандай?
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Таких низких налогов нет почти нигде в мире – эксперт о налоговой политике КР для торговцев
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
19 жашында өз студиясын ачкан балерина
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Селдин кесепетинен улам азык-түлүк тартыштыгы болбойбу?
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча билдирүү таратты

Жазылуу
Балыкчы — Корумду жолу туристтик сезон башталганга чейин бүткөрүлүшү шарт. Учурда эки тараптын айткандарын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы иликтей баштады.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендерде кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын көздөө тууралуу мага карата коюлган айыптоолор чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү премьер-министр Темир Сариев жасады. 

Жогорку Кеңештеги Бир бол фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Жумалиев: аткаруучулар Сариевди "сууга аркандап" кетишти
Эскерте кетсек, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн өкмөт мекемелер аралык комиссия түзгөн. Анын натыйжасында бир катар кемчиликтер аныкталып, комиссия өз корутундусунда транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. 

Кечээ, 6-апрель күнү Сариев Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушту президент Алмазбек Атамбаевге киргизген. Бирок президенттин аппараты сунуш документтин мыйзамдуулугун камсыздоочу негиздерди тактоо максатында кайра артка кайтарган

Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анда Малабаев орун басары Улан Уезбаевдин кытайдын "Лонг Хай" фирмасы жана премьер-министрдин жакындары менен жең ичинен сүйлөшүп алганын, мында жеке кызыкчылыктар ойноп кеткенин жар салган. 

Ал арада президент УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тендерди текшерген комиссиянын корутундусун да, Малабаевдин айткандарынын негиздүүлүгүн да текшерип чыгууну тапшырган.

Өз билдирүүсүндө өкмөт башчы Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушу Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырылганын, министр буга жеке жоопкер экенин баса белгиледи.

"Мыйзамдын бузулушу ачыкка чыккандан кийин министр жоопкерчиликти башкаларга, ошондой эле кол астында иштегендерге оодарууну көздөп жатат. Бул кырдаалда мен премьер-министр катары жоопкерчиликтен баш тартпай туруп дарегиме айтылган айыптоолор жалган жалаа жана чындыкка дал келбей турганын билдирем", — деди өкмөт башчы. 

Белгилей кетсек, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун оңдоо боюнча жергиликтүү эки жана чет элдик эки компания арыз берген. Бул жолду оңдоо иштерине кеткен каражат респуликалык бюджеттен бөлүнөт.

2015-жылдын октябрь айындагы тендердин жыйынтыгы боюнча 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0