Ошто улгайган адамдар жарышка түшөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЧуркоо. Архив
Чуркоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэриясы бул иш-чара "Тарых жана маданият" жылына карата өткөрүлүп жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ош шаарында 9-апрелде жалпы чуркоо болуп, ага 45-60 жаштан жогорку курактагылар, күч органдарынын кызматкерлери, студенттер, окуучулар катышат. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

"Бул иш-чара "Тарых жана маданият" жылына карата өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты — калкты сергек жашоо образына тартуу", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматы.

Иш-чара 9-апрель күнү эртең менен Ош шаарынын борбордук аянтында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0