00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Откуда берётся боль в суставах и как с ней бороться — объясняет ортопед
14:09
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үңкүр-Тоо: депутат жабык эшик артында эмне талкуу болгондугун айтып берди

Жазылуу
Чек арада абал тынч. Үңкүр-Тоо боюнча таркаган протоколду Башкы прокуратура иликтеп, 20-апрелге чейин юридикалык баа бермей болду.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Үңкүр-Тоо өзбектердики деген тариздеги протокол өкмөт тарабынан чыккан эмес деп Темир Сариев кесе айтты, деп Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев билдирди. 

Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоо тууралу эки ооз сөз
Эске салсак, Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп тааныган протоколдун көчүрмөсү жакында интернет булактарына таркаган. Аталган протокол 2015-жылдын 11-ноябры менен белгиленип, анда "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен-24" телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу" деген пункту көрсөтүлгөн. 

Ал эми өкмөт материалдын жайылтылышын ачык провокация деп атап, ал айрым саясатчылардын коомдун талуу жеринен пайдаланып саясий упай топтоого болгон далалаты экенин билдирген.

Талаштуу маселени, бүгүн, парламент жабык эшик артында өкмөт менен биргеликте талкууга алышты. 

"Протокол боюнча маселени 29-март күнү комитетте карадык. Анын жыйынтыгында, Башкы прокуратурага 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана ага юридикалык баа берүү тапшырмасын бердик", — деп билдирет депутат Нурбаев. 

Анын айтымында, прокуратура 20-апрелге чейин ишти карап ага юридикалык баа берүүгө милдеттендирилди. 

Депутат бүгүн жабык эшик артында чек ара маселеси боюнча дагы өкмөттүн баяндамасы угулганын айтты. 

"Жыйындын жүрүшүндө парламент өкмөткө тапшырма берген жок. Себеби, биз алардын баяндамасын гана укуктук. Өкмөт чек ара абалы 17-марттагыдай турукташканын билдирди. Бирок, дагы жасай турган иш толтура. Мисалы, аскерлерди материалдык жактан колдоону күчөтүш керек", — дейт Нурбаев.

Ал кошумчалагандай, Россиядан бөлүнгөн 48,5 миллион доллар Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып, чек ара кызматынын материалдык базасын жакшыртууга жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0