БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев АКШлык атаандашы Арон Кулиге утулуп калганын анын менеджери Жаныш Осмон билдирди.
"Америкалык мушкер менен болгон рейтингдик беттеште Урмат упай боюнча утулуп калды", — деди ал.
Ишемби күнү Сан-Франциско шаарында кыргызстандык мушкер Рыскелдиев өзүнүн тогузунчу беттешин АКШлык мушкер Арон Кули менен өткөрдү.
Рыскелдиев учурда 25 жашта. Ал профессионалдык карьерасын 2010-жылы баштаган. Ал 18 жолу профессионалдык рингде 18 беттеш өткөрүп, 12 жолу утушка жетип, төрт жолу утулуп, эки жолкусунда тең чыккан. Кыргызстандык мушкердин машыктыруучусу Жесси Рида Рыскелдиевдин келечекте чыныгы чемпион болушу үчүн анда физикалык жана моралдык жактан туруктуу экенин билдирген.