Үстүбүздөгү жылдын 24-25- март күндөрү Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын оор атлетика боюнча чемпионаты өттү. Жеңүүчүлөр 21-30-апрель күндөрү Ташкентте өтө турган Азия чемпионатында Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн аракет кылат.
Мелдешке биринчи разрядга ээ эркектер жана экинчи разрядга ээ кыз-келиндер катышты.
Эркектер 56 килограммдан 105, кыз-келиндер 48 килограммдан 75ке чейинки категорияда күч сынашты.
Бул чемпионатты өткөрүү үчүн агенттик 35 миң сом бөлдү.