Асанов: Өзбекстан Аксы, Ала-Букадагы чек арадан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти

© SputnikАксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогундагы Өзбекстандын аскерлери. Архив
Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогундагы Өзбекстандын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар аскердик күчтөрү менен БТР техникаларын чек ара аймагындагы тилкеге 18-марттын таңында алып келип жайгаштырган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүн Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Ал Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевге маалымат кабарлагандыгын кошумчалады.

© SputnikБүгүн Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти.
1/3
Бүгүн Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти.
© SputnikБул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.
2/3
Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.
© SputnikАлар аскердик күчтөрү менен БТР техникаларын чек ара аймагындагы тилкеге 18-марттын таңында алып келип жайгаштырган.
3/3
Алар аскердик күчтөрү менен БТР техникаларын чек ара аймагындагы тилкеге 18-марттын таңында алып келип жайгаштырган.
1/3
Бүгүн Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти.
2/3
Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.
3/3
Алар аскердик күчтөрү менен БТР техникаларын чек ара аймагындагы тилкеге 18-марттын таңында алып келип жайгаштырган.

"Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти", — деди Асанов.

Өкмөт: Өзбекстан техникасы менен аскерин эч кандай шарт койбой эле алып чыкты
18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн

Чек ара зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасында курал менен согушкерлер ташылышы мүмкүн делген туннель табылды
Эртеси Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын келип чыгуусун жана башка күңгөй-тескейин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0