БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Улукбек Марипов башка жумушка өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-март күнү кол койду.
Маалыматка ылайык, Марипов Жогорку Кеңеш тарабынан Эсеп палатасынын аудитор кызматына шайланган.