Улукбек Марипов Асамидинович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улукбек Мариповдун өмүр баянын Sputnik даярдаган таржымалдан таанышыңыз.
Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1997-2001 — "Кызыл Кетмен" дыйкан чарбасынын жетекчиси.
2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.
2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.
2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы;
2015-2016 — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2016 — Эсеп палатасынын төрагасы;
2021-жыл, февраль — октябрь — премьер-министр, министрлер кабинетинин төрагасы;
2022-жыл, январь — Кыргызстандын Сауд Арабиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2022-жыл, ноябрь — Сауд Арабия, Египет жана Бехрейндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчи.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын мыктысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0