БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Дүйшөмбиев президент Атамбаевге мамлекеттик чек араны бекемдөө, аны коргоо боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу толук маалымат берди.
Ал ошондой эле, чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктарынын жаңыланып жатканы жөнүндө айтты.
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына мындан ары да чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди.