БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Москва шаарында өрттөн каза болгон КР жарандарынын жакын туугандарына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 10 миң сомдон жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 30-январда Москва шаарында тигүү цехинде өрт чыгып 12 киши каза болгон. Анын ичинен сегизи КРдеги Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылынын тургундары болушкан.