00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн 8 кыргызстандык каза болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМоскванын Сокольники аймагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан цехтен чыккан өрт жайында иштеп аткан ӨКМ кызматкерлери. Архив
Москванын Сокольники аймагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан цехтен чыккан өрт жайында иштеп аткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендик сегиз жаран, Россиянын жарандыгын алган эки кыргыз жана эки өзбекстандык тигүү цехинде чыккан өрттөн күйүп кетти.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москванын Сокольники аймагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан цехтен чыккан өрттөн 12 киши каза болду. Алардын 10у кыргызстандыктар экенин КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулук менен Ошто өрттөн эки киши каза болду
Ишемби күнү, өрт 30-январда Стромынка көчөсүндө жайгашкан өнөр жай имаратында чыккан. 

Алдын ала маалыматтар боюнча тигүү цехинде чыккан өрртөн 12 киши каза болсо, алардын сегизөө кыргызстандын жарандары болгон. Анын ичинде бир өспүрүм да бар. Алардын бары тең Баткен облусунан болушкан. Калган эки жаран Россиянын жарандары болгон (этникалык кыргыздар) жана Өзбекстандын эки жараны бар болгон.

"Тигүү цехинин төрт кызматкерин гана куткарып калууга мүмкүн болгон. Алардын экөө кыргызстандык, Россиянын бир жараны (этникалык кыргыз) жана бир өзбекстандык. Каза болгондор тууралуу маалыматтар такталып жатат. Расмий маалыматтар тийиштүү экспертизанын жыйынтыгында маалым болот", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Буга чейин өрттөн Орто Азиядан келген мигранттар каза болушу мүмкүн деп маалымдалган. 

Өрт өчүрүүчү Жекембиев: өрттү өчүрүүгө үч мүнөттө жетип келдик
Тергөө комитети тилсиз жоо боюнча мүлктү атайылап өрттөө беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Түрдүү божомолдор айтылып, алардын ичинен эң башкысы — атайылап өрттөө да каралууда.

Москва прокуратурасы дагы тергөө иштерин баштады. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин вице-консулу кырсык болгон жерге барып, Сокольники ИИБине жана Тергөө башкармалыгында да болду.

Элчилик өрттүн чыгышы боюнча тергөө иштерин өз көзөмөлүнө алды, жабыр тарткандарга жана алардын жакындарына тийиштүү жардамдар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0