БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Ош мэри өлкө башчыга шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасы боюнча маалымат берди. Анын ичинде курулуп жаткан жолдор, көпүрөлөр жана суу менен камсыздоо бар.
Өз кезегинде президент акыркы жылдары Оштун инфраструктурасындагы негизги көйгөлөр чечилип жатканын белгилеп, шаар тургундары үчүн шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.