БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кубанычбек Кулматов башка кызматка кетип жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.
Мэрия шаар башчысынын кызматтан кетип жатканын тастыктады.
"Отставканын себеби — жаңы кызматка которулуу. Өлкө жетекчилиги менен ортодо эч кандай пикир келишпестик жок", — деди Алмамбетова.
Азырынча Кулматов кайсы мекемени жетектей турганы белгисиз.
Ал мэрлик кызматка 2014-жылдын 15-январында шайланган.