БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кызматынан кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин өздүк булагы билдирди.
Азырынча кызматтан кетүү тууралуу арыз өкмөткө түшө электиги белгилүү болду. Ал эми мэриянын маалымат кызматы бул боюнча расмий билдирүүнү түштөн кийин таратарын белгиледи.
Айрым билдирүүлөр боюнча Кулматов жумушунан өз ыктыяры менен кетип жатат.
Эскерте кетсек, Кулматов мэрликке 2014-жылдын башында шайланган. Ишмердүүлүгүндө негизги сын шаардагы таштанды жана жол маселелерине карата айтылганы маалым.