Москвадагы өрттөн каза болгондордун туугандарына кандай жардамдар берилүүдө?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы өрттөнгөн цех. Архив
Москва шаарындагы өрттөнгөн цех. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акимчилик тарабынан бир тоннадан көмүр, айыл өкмөт тарабынан ун түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ал эми каза болгондордун биринин жубайы өрт күнү төрөт үйүндө болгондуктан, келинге элчи өз чөнтөгүнөн материалдык жардам берди.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Москва шаарында өрттөн каза болгон Кыргызстандын жарандарынын туугандарына учурда ар кыл жардамдар көрсөтүлүүдө. 

Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Москвадагы өрттөн каза болгондордун жакындарына бир күндүк маянасын которот
Белгилей кетсек, 2016-жылы 30-январда Москва шаарындагы цехте өрт чыгып, 12 киши каза болгон. Анын сегизи кыргызстандыктар экени аныкталган.

Баткен райондук администрациясы тарабынан маркумдардын үй-бүлөлөрүнө бир тоннадан көмүр берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине аким Кеңеш Салихов билдирди. 

Анын айтымында, өкмөт каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүүгө кеткен каражатты толугу менен көтөрмөй болду.

"Сөөктөр алгач Ош шаарына учак менен алып келинип, андан ары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен айылдарына жеткирилет. Учурда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акимчилик тарабынан бир тоннадан көмүр, айыл өкмөт тарабынан ун түрүндө жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары каза болгондордун ата-энелери медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат", — дейт Салихов.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, маркумдардын жакындарына материалдык жардам берүү маселесин президенттик аппаратка тапшырган.

"Маркумдардын сөөгүн алып келүү боюнча тапшырма берилген. Учурда маселе чечилип жатат. Канча суммадагы каражат бөлүнөөрү тактала элек", — деп билдирди президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов.

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова премьер-министр Темир Сариев окуянын чоо-жайын толук көзөмөлгө алууну тышкы иштер министри Эрлан Абдалдаевге тапшырганын айтты. Учурда Россиянын борбор калаасында кырсыкка байланыштуу вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева жүрөт.

"Сөөктөрдү алып келүүгө канча каражат керектиги такталып жатат. Так суммасы чечилсе эле өкмөт тарабынан ошончо сумма которулат", — деди Ахмедова. 

Ал учурда Россияда жүргөн ыктыярдуу мекендештерибиз колдон келген жардамдарын берип жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Москва KG" гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова билдирди.

"Өрттөн көз жумгандардын туугандарына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов башында турган элчиликтин кызматкерлери жардам берип жатышат. Каза болгондордун биринин жубайы өрт күнү төрөт үйүндө болчу. Ошол келинге элчи өз чөнтөгүнөн материалдык жардам берди. Андан башка диаспора активисттери да материалдык колдоо көрсөтүүдө", — дейт Осмонова.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айдана Макилованын айтымында, Москвадагы диаспоралар каражат топтоп жатышат. 

"Каза болгондордун туугандары кечээ күнү Москвага учуп келишти. Аларды мейманканага жайгаштыруу, тамак-аш, жол маселесин элчилик көтөрмөй болду", — дейт Макилова.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, өрттөн каза болгон мигранттардын сөөгү Кыргызстанга бир айдын аралыгында алып келинет. Бул убакыт аралыгында кырсыктан көз жумгандардын сөөгү экспертизадан жана тийиштүү процедуралардан өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0