Бишкек башкы архитектуранын маалымат кызматы учурда 13 долбоор сунуштап, анда авторлор Бишкектин чок ортосу кандай болорун өз элестөөсү менен берген. Архитекторлордун айрымдары күтүүсүз долбоорлорду да сунушташты.
Башкы талаптардын биринин шартына жооп берип жатып архитекторлор Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордунда илимий жана жаштар борбору турушу керектигин, анда көргөзмөлөр өтүп турушу зарылдыгын белгилешти.
Сынактын жыйынтыгы 29-январда чыгат. Айрым сунуштар иш жүзүнө пайдаланылары айтылууда. Ал эми авторлордун аты-жөнү сынактын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болмокчу.

Панфилов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишин элестетүү

Панфилов менен Токтогул көчөлөрүнүн долбоордогу көрүнүшү

Айрым учурда архитекторлордун ой-чабыты бекитилген кварталдан да чыгып кетип жатты. Бул Тарых музейинин архитекторлор элестеткен көрүнүшү. Анын артына көп кабаттуу имарат жайгашкан ири комплекс куруу пландаштырылууда.

Космостук дизайн. Агропромдун артында долбоордун автору ракета түзүлүшүндөгү имарат жайгаштырган.

Дагы бир архитектор космостук идея менен макул экенин билдирип, өз көз карашын сунуштаган

Агропромго болгон кадыресе салттуу көрүнүш

Жаңы кварталдын сунушталган варианттары. Аймактын ар башка жактан көрүнүшү

Жаңы аянттын көрүнүшү. Чүй проспектисинен "Илбирсти" көздөй бара жаткан багыт

Башкы прокуратура ушундай болушу мүмкүн

Көзөмөл органына башка архитектордун көз карашы

Жаңы имараттардын ордуна дагы бир архитектор жашылдандырууну сунуштады. Мындан Бишкектин борбору эч утулган жок.